super.kg logo

Ырчы Анна Седокованын мурдагы күйөөсү Янис Тимманын сөөгүн алып кетүү көйгөй жаратууда

 

Москвада өз жанын кыйган баскетболчу Янис Тимманын сөөгүн Латвияга алып кетүү үчүн анын үй-бүлөсүнө 7 миллион рубль талап кылынат. Бул тууралуу Mash телеграм каналы жазды.

Андагы маалыматка ылайык, баскетболчунун апасы Аушма Тимма уулунун сөөгүн алып кетүүнү уюштуруу үчүн жекшемби күнү Москвага келет. Бирок сөөктү алып кетүү үчүн баскетболчунун үй-бүлөсүндө мынчалык акча жок. Маркум баскетболчу катышпай калган атасы дагы акчасы жок экенин айткан.

Учурда баскетболчунун жакындары социалдык тармактарда акча чогултуп жатышат. Бул үчүн аларга төрт күн гана убакыт калды.

Мындан тышкары мурда сөөктөрдү түздөн-түз атайын автобустар же учактар ​​менен жөнөтүү мүмкүн болчу. Украинадагы согуш башталгандан бери Латвия Орусия үчүн аба мейкиндигин жана кургактагы чек арасын жапкан. Ошондуктан бир гана вариант бар – табытка акча төлөп, Түркия аркылуу Латвияга жеткирүү. Болбосо баскетболчунун сөөгү Москвага коюлат.

32 жаштагы баскетболчу, ырчы Анна Седокованын мурдагы күйөөсү Янис Тимманын өлүмү 17-декабрга караган түнү белгилүү болду. Спортчунун сөөгү Москванын борборундагы жатаканалардын биринин кире беришинен табылган. Жакын жерден телефону табылган, анын экранында мурунку аялынын номери жана ага чалууну суранган билдирүү жазылган. Окуя ырчынын туулган күнүнүн эртеси болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, спортчунун өлүмүнө өз жанын кыюу себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: