Таластын тургуну 59 гектар алма бактын жерин мамлекетке өткөрүп берди
Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айылында жайгашкан 59 гектар алма бак мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда УКМКдан кабарлады.
Маалыматка ылайык, анын болжолдуу баасы 20 миллион 650 миң сомду түзөт.
"Сотко чейинки өндүрүштүн жыйынтыгында, 2004-жылдан азыркы учурга чейин аталган алма бак өз багытында пайдаланылбай келгендиги аныкталып, жер тилкени мыйзамсыз пайдаланып жүргөн жаран жер мыйзамдарын бузгандыгын мойнуна алып, өз ыктыяры менен жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берди", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.