Эртеңден тарта Бишкек-Сокулук багытында жүргөн жаңы автобус каттамы ачылат
Эртең, 19-декабрдан тарта Бишкек-Сокулук багытында жүргөн муниципалдык автобус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, акыркы аялдама тоок фабрикасында жайгашат. Күн сайын 25 автобус каттамга чыгат, жүрүү аралыгы 10-14 мүнөттү түзөт. Жол кире акысы 35 сом, ал эми Бишкек шаарынын аймагында 20 сом.
Бажы жана каттоо процедуралары аяктаса Isuzu үлгүсүндөгү автобустарга алмаштырылат.
Ошондой эле туруктуу каттам ачылгандыктан, убактылуу иштеп жаткан № 19 автобус каттамы ишин токтотот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.