super.kg logo

Трамп Канаданын кайрадан АКШга кошулуусуна кызыктар

 

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп кайрадан Канаданы Америка Кошмо Штаттарына кошулууну сунуштады. Бул тууралуу Трамп социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Канада АКШнын 51-штаты болот. Мындай кадам менен канадалыктар салыктарга жана аскердик коргонууга кетирген акчаларын бир топ кыскартат.

"Биз эмне үчүн Канадага жылына 100 миллиард доллардан ашык акчаны бөлүп жатабыз? Эч кандай мааниси жок! Көптөгөн канадалыктар АКШнын 51-штаты болууну каалашат. Менин оюмча бул сонун идея", - деген Трамп.

Белгилей кетсек, буга чейин Дональд Трамп NBC телеканалына маек берип жатып, Канада менен Мексиканы Американын курамындагы жаңы штат кылууну сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: