Бишкекте жарандын 4 миң долларын алдап кеткен 58 жаштагы шектүү кармалды
Бишкекте алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-декабрда милицияга Э.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Н. аттуу жаран 2018-жылы ишеничине кирип, "Сокулук районунун аймагынан үй курууга 2 жер тилкесин алып берем" деген шылтоосу менен 4 миң долларын алып, убадасын аткарбай изин жашырып кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 58 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.