super.kg logo
  Саясат  

Төрага Шакиев: "Ошол компьютер менен принтерди мен эле бөлүп берейинчи"

 

Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Шакиев Тогуз-Торо районунда өрттөнүп кеткен мектепке өзүнүн резервдик фондунан акча каражатын бөлүп берүүнү убадалады.

Жыйында депутат Аида Исатбек кызы 15-декабрда Тогуз-Торо районундагы №11 мектептин имараты күйүп кеткенин, мындан улам окуучулар ашкана менен китепканага көчүрүлгөнүн, ал жакта эч кандай жабдуулар жок экенин билдирди. Депутат айым өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып, буга жардам кылып, парта, такта, компьютер жана принтер жөнөтсө деген өтүнүчүн айтты.

"Аида айым, ошол компьютер менен принтерди мен эле бөлүп берейинчи, Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фондунан. Ошол эле тактаңызды дагы бөлүп берели. Ушуга окшогон майда-барат маселелерди бизге эле айтыңыз, биз эле чечип коёбуз", - деди Шакиев.

Төраганын бул сөзүнөн кийин залдагы депутаттар кол чаап жиберишти.






Жогорку Кеңеш 19.12.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: