"Бардык билеттер сатылган". Кечээ Бишкектен Москвага көп убакыттык тыныгуудан кийин алгачкы жүргүнчү поезди жөнөп кетти
Кечээ, 18-декабрда Бишкектен Москвага акыркы 4,5 жылда алгачкы жүргүнчү поезди жөнөп кетти. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" ишканасы билдирди.
Маалымдалгандай, анда бардык билеттер сатылган.
Бишкектен Москвага (Павелецкий станциясына) поезд жумасына эки жолу — шаршемби жана ишемби күндөрү жөнөйт.
Ал эми Москвадан Бишкекке шаршемби жана жекшемби күндөрү жөнөйт.
Белгилей кетсек, билеттин баасы 11 миң сомду түзөт.
Мындан тышкары каттамда 35 пайыздан 5 пайызга чейин арзандатуулар каралган. Бул арзандатуулар төмөнкү шарттарга жараша өзгөрөт:
- вагондун категориясы;
- билеттин сатып алуу мөөнөтү (поезд жөнөгөнгө чейин канчалык эрте сатып алынганына байланыштуу);
- сапардын алыстыгы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.