"Виза бүтүрүү үчүн 2,5 миң евро алган". Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-ноябрда милицияга К.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал И.Ч. аттуу жаран чет өлкөгө чыгуучу визаны бүтүрүп берүүнү убадалап, 2500 евро алганын, бирок шектүү ага визанын ордуна жашоого уруксат берүүчү документ жасатып бергенин, ал документ дагы жасалма болуп чыкканын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 48 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.