Дастан Бекешев өлкөдө баңгизаттын бир түрүн легалдаштыруу керектигин айтты (видео)

Анын айтымында, учурда жаштардын көпчүлүгү баңгизатка тыюу салса да, аны колдонуп жатат. Ошого байланыштуу жеңил баңгизаттарды легалдаштыруу керектигин айтты.
"Адам тыюу салынган нерсеге умтула берет. Ал эми синтетикалык баңгизаттар эң зыяндуу. Учурда аны жаштар дагы деле колдонуп жатышат. "Табигый" баңгизаттар кымбаттап, химиялык баңгизат жеткиликтүү болууда. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй баңгизаттын жеңил бир түрүнө жашы жеткендерге уруксат берүү жагын кароо зарыл. Эртели-кеч ошого барабыз, бирок, тилекке каршы, көптөгөн адамдардын тагдыры талкалангандан кийин болуп калышы ыктымал", - деди Бекешев.
Дастан Бекешев баңгизаттын бир түрүн легалдаштыруу керектигин айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

