super.kg logo

Ак-Ордо конушунда мектептин курулушуна мезгил кутусу салынды

 

Бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунда 750 окуучу орунга ылайыкталган мектепке мезгил кутусун салуу аземи өттү. Иш-чарага калаа башчысы Айбек Жунушалиев, Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана конуштун тургундары катышты.

Анда шаар мэри жаңы мектептин түптөлүшү менен куттуктап, бардык тиешелүү шарттар менен камсыздаларын белгиледи.

"Акыркы үч жылдын ичинде борбор калаабызда 16 бала бакча, 18 мектеп курулуп, жалпысынан 15 миңге жакын баланы камтыды. Биз балдарга бактылуу балалык менен бирге татыктуу билим жана тарбия беришибиз, алардын келечеги үчүн бардык шарттарды, мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүбүз керек.

Бүгүн жаңы түптөлүп жаткан мектеп 750 окуучуга ылайыкталган жана балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздалат. Келечекте бул билим уясынан биздин байлыгыбыз болгон балдарыбыз татыктуу билим алып, мыкты адистер, ар кесиптин ээлери тарбияланып, өлкөбүздүн, шаарыбыздын өнүгүшүнө чоң салым кошот деп терең ишенем", - деди калаа башчысы.

Мэрия тараткан маалыматка ылайык, мектеп 3 кабаттуу окуу корпустан, 4 блоктон турат. Имарат окуу класстардан тышкары химия жана физика лабораториясы, компьютердик класстар, китепкана, китеп сактоочу жайы, китеп окуу залы, ашканасы менен курулат. Ошондой эле балдарды ар тараптан өнүктүрүүгө металл жана жыгач, кездемелерди иштетүү бөлмөлөрү, аскерге даярдоочу класстар, курал-жарактарды сактоочу жайы, стоматология, дарыгердин бөлмөсү, волейбол, баскетбол жана гимнастика үчүн машыгуу залдары да каралган.

Объекттин жалпы аянты 6495 чарчы метрди түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: