super.kg logo
  Саясат  

Прокуратура Ала-Букадагы мамлекеттик кызматкерлерге кылмыш ишин козгоду

 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуп келишкендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, аталган кызматкерлер материалдык жана башка артыкчылыктарды мыйзамсыз алууну көздөп, ыйгарым укуктарын кызматтын кызыкчылыгына каршы колдонушуп, кысым көрсөтүү жолу менен №33 жалпы орто билим берүү мектебинин директорунан 127 миң 975 сом акча каражатын МБанк тиркемеси аркылуу котортуп алышкан.

"Мындан тышкары, ушундай эле мыйзамсыз аракеттер райондогу башка билим берүү мекемелеринин жетекчилерине карата да колдонулуп, акча каражаттары мыйзамсыз жыйналган.

Бул фактылар боюнча Ала-Бука районунун прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөөнү жүргүзүү үчүн иш Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", - деп жазылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: