Мэрия Бишкектеги парктардан соода жайларын ижарага берүүдө. Кайсы парктардан? (тизме)
Борбор калаанын сейил бактарынан соода жайлар ижарага берилет. Бул туурасында бүгүн, 19-декабрда мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, 18-декабрдан баштап 14 паркта балмуздак, суусундук, кофе, попкорн, таттуу кебез жана балдар оюнчуктарын сатуу үчүн орундарды ижарага алуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталган.
Төмөнкү парктарда орундар берилет:
- Адинай – 6 орун;
- Ата-Түрк – 5 орун;
- Кайың багы – 4 орун;
- Жаңгак токою – 4 орун;
- Жукеев-Пудовкин сквери – 3 орун;
- Кара жыгач токою – 5 орун;
- Боталиев – 4 орун;
- Ч.Түлөбердиев – 1-орун;
- Фучик – 4 ай;
- Жаштар – 11 орун;
- Кыргызстан жана Корея достук паркы – 2 орун;
- Ынтымак-1 – 3 орун;
- Ынтымак-2 – 7 орун;
- Жеңиш (түштүк дарбаза) – 5 орун.
Бардык суроолор жана толук маалымат боюнча 0312 979 195 телефон номуруна кайрылса боло тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.