super.kg logo

Элдик Банк Туруктуу өнүгүү боюнча отчётун сунуштады жана ESG облигациясын чыгарууну жарыялады

 

"Элдик Банк" ААК эл аралык стандарттардын мыкты тажрыйбаларынын негизинде 2023-жыл үчүн туруктуу өнүктүрүү жөнүндө отчётту даярдаган жана сунуштаган Кыргыз Республикасындагы биринчи финансылык институт болду.

Отчеттун бет ачарында "Элдик Банк"АКК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев бул окуянын өлкөнүн бардык финансы сектору үчүн маанилүүлүгүн белгиледи: 2023-жылдагы туруктуулук жөнүндө Отчёт- бул банктын корпоративдик башкаруунун жетилгендигинин жана натыйжалуулугунун маанилүү көрсөткүчү.

«Документте БУУнун туруктуу өнүгүү Максаттарын жана Париж келишимин корпоративдик ESG-трансформацияга интеграциялоо, көмүртектин изин баалоо, экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди башкаруу тутумун киргизүү сыяктуу негизги жетишкендиктер чагылдырылган», — деди ал.

Ошондой эле презентациядагы маанилүү окуя дебюттук ESG облигациялардын чыгарылышы болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Банк менен КР Социалдык фондунун ортосунда туруктуу өнүктүрүү облигацияларын сатып алуу боюнча инвестициялык меморандумга кол коюлду.

«Соцфонд социалдык инфраструктураны жана бүтүндөй өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө багытталган программаларды жана долбоорлорду колдойт. Биздин көптөн берки жана ишенимдүү өнөктөшүбүз катары Фонд биринчи болуп банктын демилгесин колдоп, экологиялык жана социалдык долбоорлорду каржылоого багытталган ESG ички облигациялардын бардык көлөмүн сатып алуу чечимин кабыл алды",деп түшүндүрдү Уланбек Ногаев.

2023-жыл үчүн туруктуу өнүктүрүү жөнүндө отчёттун толук тексти менен Элдик Банктын расмий сайтынан таанышууга болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: