super.kg logo

Кара-Сууда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

 

Кара-Суу районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-декабрда Кара-Суу райондук милициясына райондун 44 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2022-жылдын январь айында шектүү "Отуз-Адыр айыл аймагынан 2 үй куруу үчүн жер тилкесин сатам" деп 375 миң сомун алганын, бирок убадасына турбай из жашырып кеткенин айткан.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 38 жаштагы жаран кармалып, райондук сот тарабынан каммакка алынды. Ал ошол кезде жергиликтүү кеңештин депутаты болгону аныкталды.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: