super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте эки күн катар менен Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай өтөт

 

Бишкекте 20-21-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Маалымдалгандай, курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасы жана анын орун басарлары, министрликтердин, ведомстволордун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка уюмдардын жетекчилери катышат.

"Иш-чараны чагылдыруу үчүн 100дөн ашык ЖМК өкүлдөрү аккредитациядан өткөн. Курултайды УТРК, республикалык жана облустук телеканалдар, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалар түз алып көрсөтөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, түз алып көрсөтүү саат 10:00дө башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: