super.kg logo

Бишкекте интернет-дүкөндө баңгизат саткан делип 29 жаштагы жаран кармалды

 

Бишкекте интернет-дүкөн аркылуу ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенген делип 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМ бүгүн, 20-декабрда кабарлап, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү 16-декабрда кармалып, күрмөсүнүн сол чөнтөгүнөн жашыл түстөгү термобаштыкча табылып алынган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран мурда 37 жерге бекитилип коюлган синтетикалык баңгизатын көрсөтүп берген. Алынган зат эксперттин жыйынтыгы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү 4-СМС (4 хлорметкатион, клефедрон) синтетикалык заты болуп чыкты.

Шектүү 2024-жылдын ноябрь айынан бери интернет дүкөн аркылуу баңгизаттарды таратуу менен алектенген. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо максатында ыкчам тергөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: