Кытайлык продюсер, миллиардер Шао Ифу 106 жашында каза тапты
"Шао уюму" медиакорпорациясынын негиздөөчүсү, продюсер, миллиардер Шао Ифу бүгүн, 7-январда Гонконг шаарында өз үйүндө каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары билдирди.
Белгилей кетсек, Шао Ифу 1907-жылы 23-ноябрда туулган. Ал өз агалары менен 1924-жылы Сингапурда "Шао" уюмун негиздеген. Андан кийин 50-жылдардын соңунда Гонконгдо "Shaw Brothers Studio" аталышындагы кинокомпанияны, 60-жылдары болсо "Television Broadcasts" телестудиясын негиздеген.
Шао Ифу - бир гана бай адам эмес, кайрымдуулук иштеринин активдүү катышуучусу. Ар кандай медициналык жана билим берүү тармактарына жүз миллиондон ашык доллар тартуу кылган. 2002-жылы медиамагнат азиялык “Нобель" сыйлыгын негиздеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
1
1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















