super.kg logo
  Саясат  

“Калк улгайып бара жатат”. Садыр Жапаров бийликтин көп балалуу үй-бүлөлөрдүн санын жогорулатуу аракетин айтты

 

Бүгүн, 20-декабрда президент Садыр Жапаров III Элдик курултайда Кыргызстандын калкы улгайып бара жаткандыгын билдирип, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн санынын өсүшү үчүн олуттуу кадамдарды жасоо керектигин айтты.

“2024-жылдын башында Кыргызстанда 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын көрсөткүчү 5,7 пайызга, башкача айтканда, 408 миңге жакын болгон. Демек, Кыргызстандын калкы улгайып бара жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун 2030-жылга карата божомолу боюнча улгайган калктын көрсөткүчү болжол менен 7 пайызды түзөт. Бул биздин өлкөдөгү калктын улгаюу тенденциясына өткөндүгүнүн белгиси”, - деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы мындан улам калктын санын жогорулатууга шыктандырган кадамдар жасалып жаткандыгына токтолду.

“2026-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге финансылык төлөмдөрдү берүү пландаштырылууда. Мындай көп балалуу болгондорду колдоо – келечекте Кыргызстандын бакубаттуулугуна болгон инвестиция болуп эсептелет”, - деп кошумчалаган өлкө башчысы.

Айта кетсек, жөлөк пулдардын көлөмү:

- төртүнчү балага – 100 миң сом;

- бешинчи балага – 600 миң сом;

- жетинчи балага – 1 миллион сом;

- сегизинчи балага – 1 миллион 200 миң сом;

- тогузунчу балага –1 миллион 500 миң сом;

- онунчу жана андан көп балага – 2 миллион сом берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: