super.kg logo
  Саясат  

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышынын так күнү белгилүү болду

 

Бүгүн, 20-декабрда III Элдик курултайда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча айтылды.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров долбоор ондогон жылдар бою текчелерде чаң басып жатканын белгилеп, 27-декабрь күнү бул жолдун расмий курулуш иштери баштала тургандыгын айтты.

“Бул жол Чыгыш менен Батышты байланыштырган стратегиялык көпүрө болот. Соода, туризм жана өнөр жай үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Кыргызстан менен Кытай чек арасындагы “Бедел” өткөрмө бекетинин ачылышы – өлкөбүздүн транзиттик потенциалын чыңдоодогу маанилүү кадам”, - деп белгиледи өлкө башчысы.

Ошондой эле президент “Камбар-Ата-1” ГЭСи ишке ашып жаткандыгын кошумчалап, өлкө энергетика менен өзүн-өзү камсыздоого өтө тургандыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда III Элдик курултайдын биринчи күнү старт алды. Ага аймактардан шайланып келген 698 делегат катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: