super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров курултайда чек ара маселесине токтолду

 

Көптөгөн жылдар бою ар бир жараныбызды түйшөлткөн, аярлуу жана курч маселелерибиздин бири – өлкөбүздүн чек ара маселеси эле. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда айтты.

Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы толугу менен чечилгендигин сыймыктануу менен айта аларын белгиледи.

"Коңшубуз Тажикстан менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Эми эки тараптуу чечимдерди формалдуу бекитүү иштери гана калды. Чек ара маселелери боюнча бири-бирибизди түшүнүүнүн жана бардык тараптан сүйлөшүүлөрдүн, дипломатиялык чеберчиликтин, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого бекем берилгендиктин аркасында гана ийгиликтерге жетишилди. Бул биздин өлкө үчүн тарыхый мааниге ээ.

Чек ара маселесинин 100 пайыз чечилиши менен эл аралык кызматташтууларда жаңы мейкиндиктерди ачып, чек арага чектеш жайгашкан аймактарыбызды гана эмес, бүтүндөй республикабыздын ишенимдүү өнүгүшүнө бекем мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Баарынан да чек арага жакын орун алган мекендештерибиздин коопсуздугу жана ошондой эле келечеги камсыз болду. Мурда чек араларда бөлүнүү сызыгы болуп келсе, бүгүн ал биригүүнүн жана кызматташуунун символу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жана жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жакшыртуунун аянтчасы болуп калды", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: