super.kg logo

“Студенттер көчөдө калды”. Германиядан келген делегат чет элге жумушка жиберип жаткан агенттиктер боюнча айтты

 

Жумуш берүүчү агенттиктер менен барган студенттер көчөдө калышууда. Мындай билдирүүнү бүгүн, 20-декабрда III Элдик курултайдын Германиядан келген делегаты Залкар Акылбек уулу билдирди.

Ал Италия жана Германиядагы кыргызстандыктардын бир нече маселесин көтөрүп, сунушун билдирди.

“Чет элге жумушка жиберген агенттиктер студенттерге толук кандуу эрежелерин түшүндүрбөй, алар кыйынчылыкка дуушар болууда. Алар барып же маянасы туура келбей, же жумуш убактысы башкача болуп, жатаканасы жок көчөдө калышууда. Ошол жумушка орноштуруп жаткан мекемелер текшерилип, мыйзамсыз иш алып барып жаткандардын лицензиясын алып салсаңар. Коомчулук билсин, аттары менен чыгарсак. Эгер тизме керек болсо биз берели”, - деди делегат.

Ошондой эле ал Германияга аба каттамы пландалса, Бишкек-–Франкфурт-на-Майне багыты боюнча ачылууну сунуштады. Бул ал жактагы кыргызстандыктардын сунушу экенинин билдирди.

Ага улай Италияга кыргыз тилин өнүктүрүү, укук кеңеш берүү борборлорун ачууну өтүндү.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда III Элдик курултайдын биринчи күнү старт алды. Ага аймактардан шайланып келген 698 делегат катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: