super.kg logo

Диск, телефон, китеп... Ысык-Көлдө "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрүнүн үйлөрү тинтүүгө алынды (фото)

 

Ысык-Көл облусунун аймагында мыйзамсыз диний-экстремисттик уюмдун идеологиясын жайылтууга байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрда "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун идеологияларын жайылтып жүргөн жарандардын өздүктөрү такталган. Факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында 18-декабрда соттун уруксаты менен 3 адамдын турак жайларына мыйзамдуу түрдө тинтүүлөр жүргүзүлгөн. Натыйжада жарандардын үйлөрүнөн төмөнкүдөй далил заттар табылган:

  • Жети-Өгүз районуна караштуу Жеңиш айылынын тургуну, мурда соттолгон жарандан 1 даана СD-диск жана өз ыктыяры менен өткөрүп берген 1 даана ПОКО үлгүсүндөгү телефон.
  • Жеңиш айылынын дагы бир тургунунан 2 даана тыюу салынган "Коомго кирүү" жана "Ислам түзүмү" аталышындагы диний китептер жана 1 даана А4 барагындагы кыргызча жазуулар.
  • Жеңиш айылынын үчүнчү тургунунан 1 даана HUAWEI үлгүсүндөгү телефон жана 2 даана Redmi үлгүсүндөгү телефон.

Алынган далил заттар соттук-лингвистикалык, теологиялык жана дин таануу экспертизаларына жөнөтүлгөн. Учурда тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: