super.kg logo
  Саясат  

Кызылча өндүргөн дыйкандар Чүйдөгү кант заводуна нааразычылыгын билдиришти

 

Кант кызылчасы талаада калып калган учурлар бар. Мындай билдирүүсүн бүгүн, 20-декабрда III Элдик курултайда Ысык-Ата районунан келген делегат билдирди.

Аны айтымында, Чүйдүн Кайыңды шаарындагы кант заводу дыйкандардын эмгегин баалабай, кыйынчылыктарды жаратууда.

“Кызылча кант заводу “монополист” болду. Алардан урукту сатып албасак биз менен келишим түзбөй коёт. Алардан дыйканчылыкка керектүү дарыларды сатып албасак кезекке туруу кыйындайт. Түшүмдү өткөргөндө 9-10 пайызын кызылчанын кири үчүн алып жатат. Бул деген 100 тонна кызылчабыздан 10 тоннаны алып калышууда дегендие. Дыйкандар үчүн кыйын эле”, - деди делегат.

Ал өз сунушунда Ивановка, Токмок тарапка мамлекеттин демилгеси менен завод курулса деди. Мындан тышкары жүгөрүнүн баасы да арзандап, баасы күндөн-күнгө түшүп жаткандыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кант өндүрүүчү 2 ишкана "Кайыңды-Кант" жана "Кошой" ААКсы иштеп жатат. Аталган ишканалар кант кызылчасынан ошондой эле кант камышынан да кант чыгарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: