“Жарым миллиард эле...” Курултайда Нарындан келген делегат президенттен каражат сурады



Нарын облусунун Ат-Башы районунан келген делегат Бурул Кабылова үчүнчү Элдик курултайда аталган аймактын инфратүзүмүнө каражат сурады.
Анын айтымында, Кытай мамлекети менен чектешкен аймак республиканын босогосу катары өнүгүшү керек.
“Эшигин көрүп – төрүнө өт” деп эл арасында айтылып келет. Биз элге окшоп 1 миллиард сом эмес, 500 миллион эле каражат сурайбыз. Ошону бөлүп берип койсоңуз. Ат-Башынын инфратүзүмүн оңдомокпуз”, - деди делегат.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда III Элдик курултайдын биринчи күнү старт алды. Ага аймактардан шайланып келген 698 делегат катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

