Орусиялык муз тебүүчүлөр 2026-жылкы Олимпиада оюндарына катышууга уруксат алышты
Эл аралык муз тебүү союзу (ISU) орусиялык көркөм муз тебүүчүлөргө 2026-жылкы Олимпиада оюндарына катышууга уруксат берди, бирок бейтарап статуста гана. Бул тууралуу аталган союздун расмий сайтына жарыяланды.
Коньки тебүү боюнча Олимпиадалык квалификациялык турнир 2025-жылдын сентябрында Кытайда өтөт. Олимпиаданын өзү 2026-жылдын февраль айында Италиянын Милан жана Кортина-д'Ампеццо шаарларында өтөт.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-мартынан тарта орусиялык көркөм муз тебүүчүлөр эл аралык мелдештерге катышуудан четтетилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.