super.kg logo

Бишимбаевдин ишине катышкан прокурор Шерзат Болаттын өлүмү боюнча үн катты

 

Коңшу Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевдин ишин караган прокурор Айжан Аймаганова Талгардагы 16 жаштагы Шерзат Болаттын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши боюнча үн катты.

Айжан Аймаганова өзүнүн Instagram баракчасында бул ишке байланыштуу суроолор көп түшүп жатканын айтып, трагедия боюнча өз оюн айтты.

"Туура, ар бир адамдын жүрөгү ооруйт, мен да тынчсызданып жатам, бирок сиздер түшүнүшүңүздөр керек, прокуратуранын ар бир кызматкеринин өзүнүн иш орду бар. Мен билем, Алматы облусунда компетенттүү, адилеттүү прокурорлор бар. Бул жерде сабыр керек, баары мыйзам чегинде болот деп ишенем", - деди Аймаганова.

4-октябрда Талгардагы Азат айылындагы жергиликтүү дүкөнгө агрессивдүү кардар келип, аны менен кызматкерлер жаңжалдаша кетишкен. Ал учурда дүкөнгө атасын көргөнү келген 16 жаштагы өспүрүм дагы болгон. Чырга өспүрүм дагы аралашкан.

Жаңжалдан кийин кардар болуп келген жаран досторуна телефон чалып, окуя болгон жерге анын достору келип, тапанча жана бычак менен балага, анын атасына жана агасына кол салышкан. Өспүрүм каза болгон.

12-октябрга караган түнү өспүрүмдүн үйүнөн өрт чыгып, имарат толугу менен күйүп кеткен. Буга байланыштуу полиция кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, баланын үй-бүлөсү коопсуздук менен камсыз болгон.

Бул кылмышка шектелип 7 адам кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: