super.kg logo

Чүйдө милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

 
Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Учурда Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери Транспорт жана коммуникация министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте жолдорго кум-шагыл чачуу иштерин жүргүзүшүүдө.
"Ошондой эле милиция кызматкерлери айдоочуларга жолдо жүрүүдө этият болууга жана унаалар ортосундагы аралыкты так сактап, карама-каршы тилкеге чыкпоого чакырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, коопту аймактарда унааларды чектөөгө алышып, бардык зарыл чараларды көрүшүүдө", - деп билдиришти Чүй ОИИББден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: