super.kg logo

Бүгүн Бишкекте III Элдик курултайдын экинчи күнү өтүүдө

 

Бүгүн, 21-декабрь Бишкекте өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултайдын экинчи күнү старт алды.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 698 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасы жана анын орун басарлары, министрликтердин, ведомстволордун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка уюмдардын жетекчилери катышууда.

Аймактардан шайланып келген делегаттардын 539у эркектер, 161и аял экенин маалым болду. Ал эми 698 делегаттын 61и өлкөдө жашаган башка улуттардан келген жарандар.

Белгилей кетсек, Элдик курултай институтун түзүү жөнүндөгү беренелер Баш мыйзамга алгачкы жолу 2021-жылы киргизилген. Андан бери эки ирет Элдик курултай уюштурулду. Биринчи жыйында миң катышуучу болгон.

Ал эми “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам 2023-жылы 24-июлда кабыл алынган. Ага ылайык, делегаттардын саны 700 киши деп белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: