super.kg logo

Бишкекти кардан тазалоо: Мэр Рамиз Алиевге тартиптик жаза берди

 
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев карды тазалоого жооптуу шаардык кызматтардын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чараларды көрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, Октябрь районунда иштин начардыгы белгиленди.
"Тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү жана ишти сапатсыз уюштургандыгы үчүн мэрдин орун басары Рамиз Алиев, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Жолдош Чуштуков, Октябрь районунун участогунун башчысы тартиптик жаза алышты.
Калаа башчысы базадан алыскы райондордо карды убагында тазалоо жана инерттүү материалдарды ыкчам чачуу максатында, башка коммуналдык кызматтардын базасына ишкананын атайын техникасын бөлүштүрүүнү тапшырды", - деп билдиришти мэриядан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: