Казань шаарында Украинанын дрону 40 кабаттуу үйдү келип сүздү (видео)
Бүгүн, 21-декабрда Казань шаарына Украинанын учкучсуз учуучу апараттары чаббул жасап, бир дрон көп кабаттуу үйдү сүздү. Мындай видео телеграм каналдарга жарыяланды.
Кол салган дрондордун бири Патрис Лумумба көчөсүндөгү 40 кабаттуу турак жайдын ичине учуп кирген. Элиталык турак жай комплексинин тургундары эвакуацияланууда. Имараттын айнек фасады жабыркаган. Жакынкы жолдор жабык. Окуя болгон жерде коопсуздук күчтөрү иштеп жатат.
Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Казань шаарына дрондор кол салды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.