super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольцко көңүл айтты

 

Президент Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольцко Магдебург шаарында болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

“Германиянын Магдебург шаарында болгон кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул окуянын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Бүгүн, 21-декабрда Германиянын Магдебург шаарында Рождество базарында кара түстөгү BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу элди сүзүп, 400 метрге чейин жүрүп барган. Унаанын айдоочусу полиция тарабынан кармалган. Алдын ала маалыматтарга караганда, кол салган адам Сириянын жараны.

Бул кол салуудан 4 адам каза болуп, 80дей киши жаракат алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: