super.kg logo

Янис Тимманын өлүмү: Ал Анна Седоковадан миллион рубль карыз алганы белгилүү болду

 

Маркум баскетболчу Янис Тимма ырчы Анна Седокова менен ажырашар алдында андан 1 миллион рубль карызга алган. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү телеграм каналдары жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, ал бул акчаларды мурдагы аялынан төрөлгөн балага алимент катары берүү үчүн алган. Седокова баскетболчуну акыркы жолу анын өлүмүнө эки жарым жума калганда көргөн. Жолугушууда ал дагы бир жолу аракет кылып, ажырашпоону суранган, ырчы андан баш тарткан. Андан соң өзүн өзү өлтүрөм деп коркуткан.

Декабрь айынын башынды маркум баскетболчу досторуна акча жок болуп жатканын, спортто дагы эч нерсе таба албай жатканын, туугандары менен сүйлөшпөй калганын айтып, капа болгон.

Өлөрүнө бир нече саат калганда ал спирт ичимдигин ичип, Седоковага үн билдирүүсүн кетирген. Андан кийин ырчынын инстаграмындагы акыркы постунун алдына туулган жана өлгөн күнүнүн датасын жазып, өз жанын кыйган.

32 жаштагы баскетболчу, ырчы Анна Седокованын мурдагы күйөөсү Янис Тимманын өлүмү 17-декабрга караган түнү белгилүү болду. Спортчунун сөөгү Москванын борборундагы жатаканалардын биринин кире беришинен табылган. Жакын жерден телефону табылган, анын экранында мурунку аялынын номери жана ага чалууну суранган билдирүү жазылган. Окуя ырчынын туулган күнүнүн эртеси болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: