super.kg logo

"Эскертилген". Германиядагы терактты сауд арабиялык дарыгер жасаганы белгилүү болду

 

Сауд Арабиядан келген 50 жаштагы качкын дарыгер Талеб аль-Абдулмохсен Магдебург шаарындагы Рождество базарына келгендерге кол салган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Сауд Арабия бийлиги Германияга анын коркунуч жаратышы мүмкүн экенин бир нече жолу эскерткен.

Шектүү Сауд Арабиянын чыгышындагы Хофуф шаарынан. Ал 2006-жылы Германияга көчүп барып, он жылдан кийин атеист жана исламды сындаган адам катары саясий башпаанек сураган.

Сауд Арабиянын коопсуздук кызматкерлери Германиядан аны кайтарып берүүнү сураган. Бирок Берлин эч кандай реакция кылган эмес. Андан кийин Сауд Арабия Германияга бул жаран тууралуу эскертүү берген.

Магдебургдагы теракт 20-декабрь күнү кечинде болгон. Анда кара түстөгү BMW унаасын айдаган адам Рождество базарында чогулган элди катуу ылдамдыкта келип сүзгөн. Кол салуудан соңку маалыматтар боюнча беш киши өлүп, 200дөн ашууну жарадар болгон. Кылмышкер ошол жерден кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: