super.kg logo

Бишкекте согуштун ардагери Асек Урманбетов каза болду

 

Бүгүн, 22-декабрда Бишкекте 102 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов каза болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Урманбетов Асек 1923-жылы туулган, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери, II топтогу майып болгон.

Украинанын жана Беларустун ар кайсы аймактарында согушкан. 1943-жылы декабрда полктун командиринин буйругу менен чалгындоо боюнча маанилүү тапшырманы аткарган. Ал эки истребитель менен бирге немистердин 76 автомашинасын ар кандай жүктөрү менен кармаган.

Жеңиштин урматына Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери, көптөгөн аскердик медалдар, юбилейлик медалдар менен сыйланган. 2016-жылдын 30-августунда «Даңк» медалы менен сыйланган. Пенсияга чыкканга чейин айыл чарбасында өндүрүштүк кооперативде башкы бухгалтер, ревизор болуп иштеген. Акын жана жазуучу. Ал “Ак жол” коомдук фондунун президенти катары кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калган балдарга демөөрчүлүк жардам көрсөткөн.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: