Стамбул аэропортунда бажы кызматкерлери тарабынан адаттан тыш жүк табылды
Түркиянын Соода министрлигинин бажы кызматкерлери жок болуп бара жаткан горилла маймылынын баласын Стамбул аэропортунан мыйзамсыз алып өтүп бара жаткандарды кармады. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Министрликтин билдирүүсүнө караганда, аэропорттун бажы кызматкерлери Нигериядан Бангкокко Стамбул аркылуу бара жаткан контейнерди текшерүүгө алышкан. Текшерүү учурунда жок болуп бара жаткан горилла маймылынын баласы табылган.
Маймылдардын бул түрүн ташууга эл аралык соода же болбосо илимий изилдөө сыяктуу өзгөчө учурларда гана уруксат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.