Тоңдо балык уулоо менен алектенген кишинин үйү тинтүүгө алынды (видео)
Тоң районунда мыйзамсыз балык уулоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Ысык-Көл облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-декабрда Тоң районунун Ак-Сай участогунда жашаган, 1969-жылы туулган Б.С. аттуу жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда 3 даана чабак, 28 даана форель, 13 даана судак, 4 даана сига, 7 даана карась балыгы, жалпы узундугу 2450 метрди түзгөн 35 даана синтетикалык балык кармоо торлору жана кайыктын 2 калагы, балык уулоочу каражаттар табылып, далил зат катары алынган.
Мыйзамсыз балык уулоонун кесепетинен келтирилген экологиялык зыянды баалоо үчүн далил заттар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлгөн. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Видео
Видео
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.