super.kg logo

Өзгөндөгү айланма жолду кургандар "Даңк" медалы менен сыйланышты (тизме)

 

Бүгүн, 23-декабрда президент Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган жарлыктарга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, ага ылайык, Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолду кургандар да бир катар сыйлыкка ээ болушкан.

“Даңк” медалы менен сыйлангандар:

  • “Kyrgyz TREC International” консалтинг компаниясы” ЖЧКсынын көпүрөлөр жана чакан жасалма курулмалар боюнча инженери – Узгенбай Ахматов;
  • “Жагалмай” ЖЧКсынын асфальт төшөөчү машинисти – Акпар Атабаев;
  • “Жагалмай” ЖЧКсынын Өзгөн айланма автомобиль жолун куруу боюнча участоктун мастери – Дабытбек Исираилов
  • “Жагалмай” ЖЧКсынын башкы инженери – Эмилбек Маңгиев;
  • “Жагалмай” ЖЧКсынын асфальт-бетон заводунун оператору – Максатбек Укубаев.

Ал эми аталган коомдун айланма жолун куруу боюнча участоктун начальниги Сергей Пода менен башкы директорунун орун басары – Исланбек Сарсейитовго “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куруучусу” деген ардак наам ыйгарылды.

Мындан тышкары “Тез жол” ЖЧКсынын айдоочусу Русланбек Матыбаев Ардак грамота менен сыйланды.

Белгилей кетсек, 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы айланма жол ачылып, ага президент Садыр Жапаров катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: