super.kg logo

Төө-Ашууда айдоочуну куткарып каза болгон милиция кызматкерлери III даражадагы “Эрдик” ордени менен сыйланды

 

Бүгүн, 23-декабрда өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык адам өмүрүн сактап, өздөрү каза болгон Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери сыйланды. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, III даражадагы “Эрдик” ордени менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Орозмамат Акуналиев жана аталган бөлүмдүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү Дилмурат Шамшиев сыйланды.

Белгилей кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу тилкесинде күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетип, чиркегичи өрттөнүп кеткен. Дал ошол учурда Бишкектен Ошко бара жаткан милиция кызматкерлери Дилмурат Шамшиев менен Орозмамат Акуналиев жардамга чуркап, күйүп жаткан унаадан айдоочуну куткарып калууга жетишкен. Алар өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышканда күйүүчү майга толгон цистерна жарылып кеткен. Эки милиция кызматкери тең оор жаракат алып, денесиндеги күйүктөрдүн айынан өзүнө келе албай бири 1-ноябрда, экинчиси 5-ноябрда каза болгон.

Алардын үй-бүлөсүнүн эскерүүсүн бул жактан окуй аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: