super.kg logo

Бишкекте абактын алдына чогулгандарды тартып жаткан журналисттерди милиция кармап кетти (видео)

 

Бүгүн, 23-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынын алдына чогулган камактагылардын жакындарын тартып жаткан “Азаттыктын” кабарчысы Максат Кутманбеков менен оператору Нурлан Бейшебаевди милиция кызматкерлери Бишкектин Октябрь ички иштер бөлүмүнө алып кетти. Бул тууралуу "Азаттык" сайты жазды.

Андагы маалыматка караганда, журналисттер чогулган адамдардын биринен интервью алган. Милиция кызматкерлери тартылган видеону берүүнү талап кылып, андан соң милиция бөлүмүнө алып кеткен.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин бир катар ЖМКлар ЖАКтын жетекчиси алмашканына каршылык иретинде абакта камалган адамдар ачкачылык жарыялаганын жазышкан. Бирок Жаза аткаруу кызматы ал маалыматты төгүндөгөн.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: