super.kg logo

Милиция Бишкекте кармалган журналисттер боюнча билдирүү жасады

 

Бүгүн, 23-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынын жанында кармалгандар коё берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлады.

Милициянын билдирүүсүндө 4-август күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту митинг, нааразычылык акцияларын, пикеттерди жана жөө жүрүштөрдү өткөрүүнү чектөө боюнча чечим чыгарганын эске салды.

"Бирок 23-декабрь күнү сот чечимин бузуп, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 түзөтүү мекемесинин жанында топ адамдардын катышуусунда нааразычылык акциясы уюштурулган.

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында катталып, тергөө иштери башталган.

Алдын ала текшерүүнүн алкагында акциянын катышуучулары, ошондой эле "Азаттык Медиа" маалымат агентствосунун журналисттери жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана бардык жеткирилген адамдар коё берилди", - деп билдиришти шаардык милициядан.

Эске салсак, бүгүн СИЗО-1дин алдына чогулган камактагылардын жакындарын тартып жаткан “Азаттыктын” кабарчысы Максат Кутманбеков менен оператору Нурлан Бейшебаевди милиция кызматкерлери кармап кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: