super.kg logo
  Саясат  

"Атып салса дагы аздык кылат". Депутат Медер Алиев пикирин өзгөрткөнүн билдирди

 

Баңгизат саткан, жайылткан, ошого себеп болгондорду атып салса дагы аздык кылат. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда депутат Медер Алиев билдирди.

Комитет жыйынында "жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө" парламенттин 2024-жылдын 31-январындагы №1842-VII токтомунун аткарылышы тууралуу маалыматтык угуу болуп жаткан.

Алиев баңгизатка каршы бардык мамлекеттик органдар биргеликте күрөш жүргүзүү керектигин белгиледи.

"Мен мурда дайыма гуманист болот элем. Баш мыйзам жазылып жатканда дагы "өлүм жазасы кирбесин, биз жыйырма биринчи кылымда цивилизациялуу коом бололу, өлүм жазасынын кереги жок" дечүмүн. Бирок канчалаган сынган тагдырларды көрүп мен пикиримди өзгөрттүм", - деди эл өкүлү.

Депутат күчтүү таасир этүүчү дарылардын тоскоолдуксуз сатылып жатканы үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигин айыптап, "Фармацевтикалык магнаттар эбак эле керектүү чиновниктерди сатып алышкан" деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: