super.kg logo

Мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековго “Кыргызстандын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

 

Мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Наам бүгүн президент Садыр Жапаров тарабынан Абдыкадыр Орозбековдун небересине тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземинде өлкө башчы Абдыкадыр Орозбеков кыргыз калкынын сабатсыздыгын жоюу, эл агартуу тармагын жолго коюу маселелерин эң негизги максат катары караганын белгиледи.

Абдыкадыр Орозбеков 1926-жылы Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болгон. Бала чагынан билимди көксөп өскөн Абдыкадыр Орозбеков ардактуу жана мансаптуу жаңы кызматка киришкенден тартып жалпы кыргыз калкынын сабатсыздыгын жоюу, эл агартуу тармагын жолго коюу маселелерин эң негизги максат катары караганы байкалып турат. Ал 1930-1931-жылдары кыргыз алфавитин негиздөө боюнча борбордук комиссияны жетектеп, жаңы алфавитти иштеп чыгуу, кабыл алуу, ишке киргизүү жаатында кыйла ийгиликке жетишкени тарых барактарында таасын жазылып турат”, - деди президент.

Белгилей кетсек, Орозбеков мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын алгачкы түптөөчүлөрүнүн бири, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин төрагасы болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: