super.kg logo

ЭЛДИК КАБАРГА жооп: "Суукта кезерип автобус күтөм" деген билдирүүгө тийиштүү мекеме үн катты

 

Бүгүн, 23-декабрда "суукта кезерип автобус күтүп турасың" деп ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган окурман №52 автобустун каттам аралыгы узактыгын айтып, нааразы болгон.

"№52 автобустун каттам аралыгы бир топ алыс. Эң аз дегенде 10 мүнөттөн 20 мүнөткө чейин күтүшүң керек. Ага чейин аялдамага башка каттамдагы автобустар 2-3 жолу келип кетүүгө үлгүрөт. Суукта кезерип күтүп турасың.

Тиешелүү мекемеден автобустардын санын көбөйтүп жана каттам аралыгын так сактоого көзөмөл кылышын суранат элем", - деген тургун.

Жогорудагы билдирүү боюнча Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы төмөнкүлөрдү билдирди.

"Ишкананын автобустарынын аралыгы 10 мүнөттөн ашпайт. Тилекке каршы, жол тыгындарга байланыштуу аралыгы көбөйүп калат.

Эскерте кетсек, башка каттамдар менен салыштыруу болбойт. Эмнеге дегенде каттамдары башка, андыктан өтүп кеткен автобустар башка жактагы жол тыгындарда туруп калат. Түшүнүү менен кабыл алыңыздар", - деп билдиришти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: