super.kg logo
  Саясат  

Салык кызматынын жаңы жетекчиси ЭТТК кагазын беш товардан башкасынан алып салуу керектигин айтты

 

Бүгүн, 23-декбрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында салык кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы (ЭТТК) товардын бардык түрүнө эмес, беш гана товарга киргизилиши керектигин айтты.

Ал учурунда ЭТТК кагазын киргизүүдө терең анализ жасалбай калган деп эсептейт.

"Бүгүнкү күндө ЭТТК боюнча ишкерлерден арыз-даттануулар көп. Учурда тиш чукугучтан баштап нефть продуктусуна чейин болуп виртуалдуу кампаны товардын 13 миң түрү менен толтуруу керек экен. Ошондуктан нефть продукциясы, спирт, тамеки, меджабдыктар жана дары-дармек сыяктуу бюджетти калыптандыруучу беш товарга гана ЭТТК калышы керек. Калганын бошотуп салуу зарыл. Ошондо чакан жана орто бизнеске колдоо болуп калат. Болбосо салыкчы түшүнбөгөн нерсени ишкер кантип түшүнмөк эле", - деди Шыкмаматов.

Салыктын жекетчиси бул анын жеке пикири экенин белгилеп, "мамлекеттин кызыкчылыгы деп эле аларга катуу көзөмөл кылуу мага башынан эле жакпайт" деди.

Комитет отурумуна катышып жаткан экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов мекеме Шыкмаматовдун сунушун колдой турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: