super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров “Бала береке” төлөмү жөнүндө жарлыкка кол койду. Аны кимдер алат?

 
Бүгүн, 23-декабрда президент Садыр Жапаров “Бала береке” төлөмү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ага ылайык, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку каражат бөлүнөт.
Бир жолку төлөмдөр:
  • 4-баласына – 100 миң сом;
  • 5-баласына – 600 миң сом;
  • 6-баласына – 800 миң сом;
  • 7-баласына – 1 миллион сом;
  • 8-баласына – 1 миллион 200 миң сом;
  • 9-баласына – 1,5 миллион сом;
  • 10унчу жана андан кийинки баласына – 2 миллион сом берилет.
Белгилей кетсек, көп балалуу энелерди колдоо жана балдарды ар тараптан өнүктүрүү максатында иштелип чыккан жарлык 2026-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: