super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров салык боюнча жаңы дайындалган Министрлер кабинетинин төрагасына катуу тапшырма берди 

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Салык элдин жонунан кайыш тилгендей болбошу керек!” деп Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиевге жана салык кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго тапшырма берди. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, президентте өлкө боюнча чоң-кичи базардагы, дүкөн-күркөлөрдөгү соода менен алектенгендердин ишмердүүлүгүндө жаралган көйгөйлөр боюнча акыркы толук маалымат бар.

"Буга байланыштуу Садыр Жапаров жакында эле Министрлер кабинетинин жаңы дайындалган төрагасы Адылбек Касымалиевге жана салык кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Алманбет Шыкмаматовго ЭТТН боюнча тез арада тыкыр анализ жасап, бул ыкманы ири товарларга гана калтыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү тапшырган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров жалпысынан фискалдык саясатты элге кошумча жүк болбогудай, ошол эле учурда көмүскө экономиканын үлүшүн көбөйтпөй тургандай кылып иштеп чыгуунун максаттуулугун белгилеген.

Мындан тышкары маалыматта жооптуу кызматкерлер мамлекет башчысына өз учурунда маалымат берип турушары тууралуу жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: