super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Эрдоганга көңүл айтты 

 

Президенти Садыр Жапаров Түркияда тик учактын кыйрашынан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Түркиянын Мугла провинциясында медициналык тез жардам тик учагы Мугла провинциясындагы окуу жана изилдөө ооруканасынын имаратына кулап, анын кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эске салсак, буга чейин Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин тез жардам тик учагы өлкөнүн түштүк-батышындагы Мугла шаарындагы илимий оорукананы сүзүп, кулап түшкөн. Натыйжада эки учкуч, оорукананын дарыгери жана фельдшер каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: