Өлкөдө 15 миңге жакын жаран жеке ассистенттин кызматын колдонууда
1-декабрга карата Кыргызстанда "персоналдык ассистент" кызматын 14 миң 976 адам алат, алардын 9504ү балдар, ал эми 5472си 18 жаштан жогорку майыптыгы бар жарандар. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, аларга 14 миң 673 жаран жеке ассистенттердин кызматын көрсөтөт. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта жеке ассистенттердин кызматтары үчүн 6268 сомдон 7681 сомго чейин көтөрүлгөндүгү маалыматта кошумчаланган.
"Бул кызматтын киргизилиши иштегенге мүмкүнчүлүгү жок адамдар пенсия курагына жеткенде пенсия алуу укугуна ээ болууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.