super.kg logo

Тиш доктурдагы 3 жашар кыздын өлүмү: Сот дарыгерлерге өкүм чыгарды

 

Сот былтыр борбор калаадагы клиникалардын биринде 3 жашар кыздын өлүмү боюнча тиш доктур менен анестезиологго өкүм чыгарды. Маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы таратты.

Маалымдалгандай, сот К.А. аттуу тиш доктурду күнөөлүү деп таап, 5,5 жылга эркинен ажыратты. Мындан сырткары эки жылдык мөөнөткө медициналык ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөө чечими кабыл алынды.

Ал эми Т.А. аттуу анестезиолог 6 жылга кесилди.

Тиш доктурдун жолдошу кылмышты жашыруу үчүн документтерди бурмалоого катышканы үчүн 5 жылга эркиндиги чектелди.

Эскерте кетсек, декабрдын аяк ченинде наристенин өлүмү тууралуу маалыматты адвокат Канат Хасанов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген. Анда ата-энеси кызынын тишин тазалатканы стоматологияга алып барып, наркоз берилген соң көз жумганын айтышкан.

Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн билдирип, клиника тергөө аяктаганга чейин убактылуу жабылган. Ал эми медициналык борбордун директору убактылуу иштен четтетилген.
Ошол эле учурда бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, бардык экспертизалар дайындалган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: