Бишкекте “Мурас” турак жай комплексинен 510 ипотекалык батир ээлерине тапшырылды (видео)










Өлкө башчысы элдин турмушун жакшыртуу жаатындагы ой-максаттардын сап башында калкты жумуш орундары жана арзан турак жай менен камсыз кылуу артыкчылык катары турарын баса белгиледи.
Ошондой эле, президент жеткиликтүү турак жайларды куруу иштери мындан ары дагы ыкчам темп менен улантыларын белгиледи. Социалдык турак жай алуу кезегине турган 40 миңден ашуун жарандар үй-жайлуу болушат. Алдыда дагы көптөгөн жаңы турак жай комплекстеринин курулушу жеке эле борбор калаада эмес, өлкөнүн ар кайсы аймактарында башталат.
“Мурас” турак жай комплекси - жалпы 4 700 батирди камтыган ири долбоордун бир бөлүгү болуп саналат.
Белгилей кетсек, бул жайда буга чейин №47 түзөтүүчү колониясы жайгашкан. Ал шаар четине чыгарылып, ордуна ипотекалык турак жай куруу долбоор башталган.
24.12.24.


